Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Мусулман аялдын заманбап коомдогу ордуна арналган талкуу өтөт


21-октябрда өтчү иш-чаранын күн тартибинде жарандык коом үчүн маанилүү болгон аялдардын радикалдашуусу жана бул процессти болтурбоонун жолдорун издөө маселелери турат.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбор уюштуруп жаткан талкуу билим деңгээлин жана диний сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу Кыргызстандагы диний кырдаалдын туруктуулугун камсыздоо максатын көздөйт. Бул тууралуу аталган борбордун директору Кадыр Маликов билдирди.

Иш-чарага бул чөйрөдөгү эксперттер, аялдардын бейөкмөт уюмдары жана маморгандардын өкүлдөрү катышат.

ИИМдин маалыматына ылайык, Сирияга кетип жаткан кыргызстандыктардын саны 100дөн ашты жана онго жакынын аялдар түзөт. Кабарларга караганда, аялдар Сирияда “согуш аялы” деген миссияны аткарат: ал турмушка чыккан согушкер өлсө, башкасына турмушка чыга алат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG