Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

“Республика” өкмөттүн кышка даярдыгын жетишсиз деп тапты


Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы өкмөттүн кышка даярдыгын канаттандырарлык эмес деп тапты. Мындай чечимди фракция мүчөлөрү бүгүнкү жыйында кабыл алышты. Жыйынга вице-премьер Валерий Диль баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, кышка даярдык тууралуу маалымат берди.

Диль быйылкы суунун тартыштыгынан улам коңшу өлкөлөрдөн кошумча көлөмдөгү электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Ал эми энергетика министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев энергетикалык каатчылыктан чыгуу үчүн кечкисин жана түнкүсүн жарыкты өчүрүү сунушталып жатканын кабарлады.

Жыйын соңунда фракция мүчөлөрү бул багыттагы өкмөттүн ишин жетишсиз деп таап, кемчиликтерди жоюу жаатында шашылыш чараларды көрүү, Казакстан жана Тажикстан менен электр кубатын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуштады.(BkA)

XS
SM
MD
LG