Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Ооганстанда «Жундалла» тобунун лидерлеринин бири өлтүрүлдү


«Жундалла» радикал тобунун лидерлеринин бири делген Кори Зубайр жана талаа командири Кори Асад аба соккусунан 17-октябрда өлтүрүлдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын өкүлү Хасиб Саддики «Азаттыктын» Ооган кызматына билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн түндүгүндө орун алган өкмөт өкүлүнүн өлүмүнө Зубайрдын катыштыгы болгон.

«Өзбекстан Ислам кыймылы» Ооганстанда «Жундалла» деген аталыш менен иш алып барарын өлкөнүн чалгындоо кызматы билдирүүдө. Аталган радикал топтун мүчөлөрү буга чейин Тажикстанда да кармалган.

Кыргызстан менен чектеш Согди облусунда эки киши “Жундалла” радикал тобунун мүчөсү деп айыпталып, узак мөөнөткө түрмөгө отургузулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG