Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Сот мурдагы министр Ногоевди камакка алуу чечимин чыгарды


Каракол шаардык соту мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевди камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Караколдогу ипподромдогу мыйзамсыз иштерге байланыштуу анын директоруна кылмыш иши козголгон. Аны тергөө учурунда бул иштер боюнча мурдагы айыл жана суу чарба министри Арстанбек Ногоевге да айып тагылды. Каракол шаардык соту ал өлкөдө болбогонуна байланыштуу баш коргоо чарасын сыртынан карап, камакка алуу чечимин чыгарды.

Экс-министрге Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Менчиктештирүүдө мыйзам бузуу» беренелери боюнча айып тагылды. Учурда министрдин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, тергелип жатат.

Арстанбек Ногоев 2007-2009-жылдары Айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүү министри болуп эмгектенген. Ал 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң өлкөдөн чыгып кеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG