Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Украина жана Орусия газ маселесин чечүүгө жакындады


Украина жана Орусиянын жетекчилери Италиядагы жолугушуудан соң газ маселеси боюнча сүйлөшүүдө жылыш бар экенин билдиришүүдө. Эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Петро Порошенко Миландагы саммит учурунда үч жолу жолукту.

Жолугушуу жыйынтыгында Порошенко газ боюнча сүйлөшүүдө бир аз жылыш болгонун, бирок айрым маселелерди дагы талкуулоо зарылдыгын билдирген. Украин президенти 21-октябрда Брюсселдеги Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтчү жыйында бул маселе боюнча акыркы чечим кабыл алынат деген үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Орус президенти Путин болсо маселе боюнча мунасага келүүгө аз калганын, бирок Украина газ үчүн мурдагы карыздарды төлөшү керектигин эскертти.

Орусия Украинанын миллиарддаган карызын төлөөнү талап кылып, жайдан тарта бул өлкөгө газ берүүнү токтоткон.

Миландагы саммитте Украинадагы кризис жана аны жөнгө салуу негизги маселе катары каралды. Саммитке Украина, Орусия жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери катышты.

XS
SM
MD
LG