Мындай маалыматты Кызыл-Кыя шаарындагы ички иштер министрлигине караштуу «Динамо» фабрикасынын жетекчиси Абдилпатта Кулматов «Азаттыка» билдирди.
Анын айтымында 3-4 жыл мурда фабрикада 170 тигүүчү эмгектенсе, акыркы учурда жумуш кыскарганынан улам 70ке жетпеген тигүүчү калган. Мамлекеттик мекемелерден атайын кийимдерди даярдоо үчүн буюртмалар болуп турган учурда мекеме жылына 100 млн. сомдон ашык заказ алып турган. Быйылкы жылы анын көлөмү 10 млн. сомго жетпей калган. Ишкананын кубатуулугу өлкөдөгү атайын кийимдерге муктаж бардык мекемелерди камсыздоого, андан тышкары жеке өндүрүштүк мекемелердин да заказдарын аткарууга мүмкүнчүлүгү бар деп билдирет мекеме жетекчилиги.
(JsA)