Дагестандагы “Месед” банкы террористтерди каржылаган деп шектелип, мажбур жабылуу алдында турат.
“Дагестан Республикасынын арбитраждык соту “Месед” банкы боюнча ушундай чечимге келди. Жабуу ишин “Салымдарды камсыздандыруу агенттиги” мамлекеттик корпорациясы жүргүзөт”, - деп орусиялык “Новости” маалымат агенттиги сот өкүлүнүн сөзүнө шилтеме жасады.
Ошондой эле банк Орусия мыйзамдарын жана кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоого каршы шарттарды аткарбагандыгы үчүн да айыпталууда.