Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Карыпбеков: КТРКга менеджерди тандайбыз


Бүгүн КТРКнын башчылыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу токтойт. Буга чейин документин болгону төрт талапкер тапшырды. Коомдук Биринчи каналдын Байкоочулар кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Илим мырза, шайлоо канча баскыч менен өткөнү турат?

Илим Карыпбеков: Шайлоо башталар алдында Байкоочулар кеңеши сынактын жобосун бекиткен болчу. Ошонун негизинде шайлоо төрт баскычтан өтөт. Биринчиси – талапкерлердин арызын кабыл алуу. Ошол жол-жобо бүгүн аяктайт.

Экинчиси – Байкоочулар кеңеши чогулуп, документтер атайын көрсөтүлгөн талаптарга жооп береби, толугу менен берилдиби деп карап чыгып, добуш менен талапкерди тандайт. Документтери жарактуу делгендер үчүнчү баскычка өтөт.

Үчүнчүсү – талапкерлер чакырылып, алар менен маектешүү болот. Алар директор болсо, программасы кандай болот, кандай өнүгүү иш-чараларын өткөрөт деп, атайын убакыт бөлүнүп, маектен тышкары программасын коргоого убакыт берилет. Төртүнчүсү – добуш берүү.

"Азаттык": Бул кайсы күнү болот?

Илим Карыпбеков: Конкреттүү күнү белгиленген эмес. Себеби муну алдын ала айтуу мүмкүн эмес болчу. Биз канча талапкер арыз бере турганын билген жокпуз. Эгерде азыркыдай 4-5 гана талапкер болуп калса, анда шайлоо тез эле өтөт. Себеби алар менен маектешүү, документтерин текшерүү тез эле болот.

​Бирок кыргыздарда көп учурда документтерди акыркы мөөнөттө алып келип беришет. Ошол акыркы мөөнөттөрдө көп болуп, мисалы, 20дан ашык талапкер болсо, анда көбүрөөк убакыт талап кылынат. Бирок талапкерлер канчалык көп болбосун, биз сөзсүз түрдө башкы директорду жаңы жылга чейин тандайбыз деп ойлойм.

"Азаттык": Талапкерлер кандай критерийлер боюнча тандалат?

Илим Карыпбеков: Жарыя бергенде чектебейли деп кенен койдук. Практикалык кесиби боюнча беш жылдык тажрыйбасы болуш керек. Атайын кесип болсун деген жокпуз. Жогорку билими, коомдо өзүнүн орду, сөзү болсун деген талап коюлду. Бирок андан ашыкча чек коюлган жок.

Биз бир журналистти, же ошол тармактагы адамды тандабастан, Байкоочулар кеңеши менеджерди тандайбыз деген чечимге келдик. Ал эми менеджер болсо ар кандай кесиптин ээси болушу мүмкүн. Ошондуктан биз бул жагынан чек койгон жокпуз. Бирок жалпы отуруп сүйлөшкөндө биринчи кезекте менеджерлик шыгы болуш керек деп макулдаштык.

Талапкердин тажрыйбасын карап, кандай программаны көрсөтөт – көбүнчө ошого басым болот деп ойлоп турабыз. Буга да биз чоң талкуу менен келдик. Буга чейинки сынактарда мурдагы Байкоочулар кеңеши ММКда профессионалдык тажрыйбасы болуш керек деген экен. Бирок биз муну да талкуулап, сөзсүз эле журналист болбош керек, биринчи кезекте бизге менеджер керек деп чечтик.

Аягы келип баары бир добуш берүү жашыруун өтөт. Ошондуктан Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү жүрөгү, КТРКга болгон сүйүүсү менен добуш берет деп ишенем.

"Азаттык": Шайлоонун калыс өтүшүн кантип камсыздайын деп турасыздар?

Илим Карыпбеков: Биринчи кезекте бардык кадамдарыбыз ачык болот. Мунун баарын тасмага тартабыз. Бүгүнкү күндө болгон күч-аракетибизди жумшап, түз эфирде онлайн көрсөтөйүн деп жатабыз. Эгерде ошол техникалык себептерибиз оңунан чыкса, анда түз көрсөтөбүз. Дүйнө жүзү боюнча ар бир адам тандоо кантип өтүп жатканын көрө алат. Конверттерди ачууну, маектешүүнү, программасын тартуулаганын, добуш берүүнү түз көрсөткөнгө аракет кылабыз.

Бирок ага чейин техникалык себептерден улам жетишпей калсак, анда баары тасмага тартылып турат. Ошондон кийин КТРКнын сайтына жүктөлөт.

XS
SM
MD
LG