Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Улуттук банк маарекелик акчаларды жүгүртүүгө киргизди


Жаңы көрүнүштөгү 200 сомдук акча.
Жаңы көрүнүштөгү 200 сомдук акча.

Жаңы көрүнүштөгү 100 жана 200 сомдук юбилейлик банкноттор 20-октябрдан тарта пайдаланууга кирди. Токтогул Сатылгановдун 150, Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата чыгарылган жаңы акчалардын актай тилкесине “Токтогулга 150 жыл” жана “Алыкул Осмоновго 100 жыл” деп жазылып, алтын түстө акындардын элестери түшүрүлгөн. Ошондой эле улуттук оймо-чиймелер сүрөттөлгөн. Үч миң нускадан чыгарылган эстелик банкноттор расмий төлөм каражаты болуп эсептелет.

Кыргыз валютасында 100 сомдук акчада Токтогул Сатылгановдун, 200 сомдукта Алыкул Осмоновдун сүрөтү бар. (SE)

XS
SM
MD
LG