Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Еврошаркеттин дипломаттары Украина кризисин талкуулайт


Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери бүгүн Украина маселесин талкуулайт. Бул тууралуу биримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон билдирди. Жолугушуу Люксембургда өтөт. Анда "Украинанын чыгышындагы согушту токтотуу маселеси талкууланып, Орусияга карата киргизилген санкциялар кайра каралып чыгышы ыктымал".

Буга чейин Еврошаркет эгер Орусия Минск жолугушуусунда кабыл алынган тынчтык келишимин ишке ашырса жана Украинанын чыгышында ок атышууну токтотсо санкциялар алынышы мүмкүн деп шарт койгон. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров эч кандай шарт коюуну кабыл албасын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG