Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Бишкекте корей дарыгери тоноого кабылганын билдирди


Кореялыктардын “Хелс Повер” медициналык борборунун Бишкектин Фучик аймагында жайгашкан филиалынын дарыгери Ли Сынк У милиция кызматкерлеринин зомбулугуна кабылганын айтууда.

Аталган борбордон “Азаттыкка” билдиришкендей, 20-октябрь күнү жарандык кийимчен үч жигит дарыгер иштеген кеңсеге барып, документтерин талап кылышкан. Алар өздөрүн шаардык милициянын 10-бөлүмүнүн кызматкери экенин айтышкан. Каршылык көрсөткөнүнө карабай, дарыгердин чөнтөгүндөгү акчаларды алып кетишкен. Медициналык борбордун кызматкерлери окуя боюнча күч органдарына арыздана элек.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы милиция жеке мекемелерди арыздын негизинде гана текшерүүгө аларын, бул окуяны милициянын атын жамынган башка бирөөлөр жасаган болушу мүмкүндүгүн билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG