Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 07:15

Жалал-Абадда “Тазалык эстафетасы” өтөт


«Жалал-Абад жаштар коому» 22-октябрда “Тазалык эстафетасы” аттуу акция баштайт. Жалал-Абад шаарынын 137 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан иш-чарада калаадагы мекеме-уюмдар кезектешип көчөлөрдү тазалашат.

Уюштуруучулардын “Азаттыкка” айтымында, алгачкы тазалоо иштери жаштар коому тарабынан “Мир” кинотеатрынын жанында уюштурулат. Алар кезекти “7-каналдын” кызматкерлерине узатышат. Акция кар жааганга чейин ар кандай ишканалар арасында уланат. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG