Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп орусиялык Александр Крестинин дайындалды. Бул тууралуу футбол федерациясынын баш катчысы Дастан Конокбаев билдирди. Орусиялык адис менен келишим үч жылга түзүлдү.
36 жаштагы Крестининге улуттук кураманы 2019-жылы боло турган Азия кубогуна чыгаруу негизги талап катары коюлду.
Жаңы машыктыруучу Кубань мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясын бүтүргөн. 2012-жылы Азия футбол конфедерациясы тарабынан “В” квалификациясындагы машыктыруучу” сертификатын алган. 2010-2011-жылдары Кыргызстанда Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубунда “ойноочу- машыктыруучу” болуп эмгектенген. Анын жетекчилигинде аталган клуб 2010-жылы Кыргызстандын чемпиондугун, 2011-жылы Кыргызстан кубогун утуп алган.
Учурда Орусиянын Краснодар крайындагы футбол академиясында методикалык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштейт.Улуттук кураманы быйыл 1-декабрдан тарта машыктыра баштамакчы. Эмгек акы Футбол федерациясы тарабынан төлөнөт.
Буга чейин анын ордунда “Абдыш-Ата” клубунун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов иштеген. (ECh)