Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Москвада Кыргызстандагы энергетикалык кризис талкууланат


Кыргызстандын энергетика тармагын өркүндөтүү боюнча долбоорлор 25-ноябрда Москва шаарында өкмөттөр аралык талкууда каралат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин жолугушуусунда айтылды. Орус бийлигинин өкүлү Москва энергетика тармагында иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Матвиенко президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учурда Орусия Кыргызстандын газ маселесиндеги кандай гана көйгөйү болсо чечүүгө көмөктөшөрүн белгиледи. Андан сырткары, Кыргызстандын каржылык абалын жандантууга 30 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди. Каражат кандай ыкмада жана качан берилери сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталат.

Матвиенко жумушчу сапар менен Кыргызстанга дүйшөмбүдө келген. (SE)

XS
SM
MD
LG