Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:56

Коомдук ишмер Байсалов президентке кайрылды


Коомдук ишмер Эдил Байсалов президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, Оштогу кылмыштуулук менен күрөш үчүн чукул мамлекеттик тергөө комиссиясын түзүүгө чакырды. Байсалов бул тууралуу Оштогу кылмыштуу топтордун ишкерлерге карата жасап жаткан кысымына арналган “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн “Караларды” ким тыят?” деген чыгарылышын көргөндөн кийин жасады. Эдил Байсалов өтө тез убакытта аймактагы тартип коргоо органдарынын бардык курамын толук ротациядан өткөрүү зарыл экенин айтты.

“Жанар Акаевдин иликтөөсүн көргөндөн кийин республиканын жашоочуларында “кылмышка шектүү баатыр энелерди эч ойлонбостон камакка алган соттор жана тергөө органдары эмне үчүн Канжар Кадыралиевге келгенде унчукпай калат?” деген суроо пайда болду” деди Эдил Байсалов.

Учурда коомдо кызуу талкууга алынып жаткан берүү Өзгөндөгү ишкерди карактоо окуясына арналган. Ошол окуяда жабыркаган үй-бүлө чуулгандуу ишке Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевди айыптап жатышат, бирок Кадыралиевдер мунун баарын четке кагууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG