Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Бишкек милициясы ачкачылыкка чыккандар көз боёмочулук кылып жатат деп шектенүүдө


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Горький сейил багында 16-октябрдан бери ачкачылык акциясын өткөрүп жаткан жарандык активисттер көз боёмочулук кылып жатат деп шектенүүдө.

Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, ачкачылыкка чыккандар каалаган убагында келип-кетип, акцияны улантып жатат. Алардын качан кеткенин жана кайсыл убакытта келгенин абалга көз салып турган милиция кызматкерлери такай белгилеп турушат. Башкармалык сунуштаган маалымдамада активисттер 21-октябрда кечинде акция өтүп жаткан жерден кеткени, андан мурдагы күндөрү да ушундай болгону айтылат.

- Ачкачылыкка чыккандар акция өтүп жаткан жерден эч жакка кетпеши керек, акциянын талабы ошондой,- деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ачкачылык уюштургандардын бири Мелис Аспеков бул боюнча пикирин мындайча билдирди:

- 21-октябрь күнү үйгө кеткенибиз чын. Себеби, суук болду. Боз үй тиккенге уруксат берилген эмес. Беш-алты киши машинеде жатууга да мүмкүн болбой калды. Милиция бизди жаман көрсөтүү үчүн гана ушундай маалымат таратып жатат.

Электр энергиясына бааны көтөрбөөнү, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотууну жана аны калыбына келтирүүнү, энергетикадагы Ширшовдун коррупциялык схемаларын толугу менен жоюуну, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартууну талап кылган ачкачылык 16-октябрда башталган. Акцияга алгач “Жаңы муун” жаштар кыймылынын өкүлдөрү Мелис Аспеков, Качкын Булатов жана Төрөхан Жунусбеков чыккан. 21-октябрда алардын катарына дагы төрт адам кошулган. Акция Горький сейил багында ачык асман алдында уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG