23-октябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлерине жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17,
Баткен облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 11...16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус жылуу болот.