Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Пакистанда шалга каршы эмдеген дарыгерлерге чабуул жасалды


Пакистанда шалга каршы эмдөөчү топко кол салынып, үч адам жараат алды. Чабуул өлкөнүн түндүк батышындагы Дабара аймагында жасалды. Аралыктан башкарылчу бомба жардырылганда Левиас аскер отрядынын эки мүчөсү жана айдоочусу жарадар болду. 21-октябрда болгон бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды. Алар бир күн мурда дарыгерлерди жарандарды шалга каршы эмдөөнү токтоткула деп эскерткен болчу. Буга чейин да талиптер полиомиелитке каршы эмдеген догдурларды АКШнын тыңчылары деп, аларга кол салып келген.

Пакистан шал оорусу кеңири жайылган дүйнөдөгү үч өлкөнүн бири. Октябрдын башында Пакистан бийликтери жаңы шал болгон адамдардын саны 200дөн ашып кеткенин, бул 2001-жылдан берки эң жаман көрсөткүч экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG