Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Жон Керри: Эркиндикке атүгүл Европада да коркунуч бар


АКШ Мамкатчысы Жон Керри эркиндикке дүйнөнүн көп бөлүгүндө, атүгүл Европада да коркунуч бар деди. Ал Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер менен 22-октябрда Берлинде чогуу өткөргөн маалымат жыйынында Орусиянын Украинадагы агрессиясы токтотулуш керек экенин баса айтты:

- Германия жана Кошмо Штаттарда жашаган адамдар эркиндиктен лаззат алышат. Алар өз лидерлерин тандай алат, каршы пикирин билдире алат, сындай алат, эмне каалаганын айта алат...Мындай эркиндикке дүйнөнүн көп жерлеринде, атүгүл Европада коркунуч бар. Орусиянын Украинадагы агрессиясы токтотулуш керек.

Кэрри Москваны Украинадагы жаңжалга олуттуу мамиле жасоого чакырып: "Эч ким башка муун Кансыз согуштун шападасын сезип жашоосун каалабайт,” деди.

Штайнмайер Украин чатагы Европадагы тынчтыкка коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

Германияда келерки айда Берлин коргонунун кыйрашынын 25 жылдык мааракеси белгиленет.

XS
SM
MD
LG