Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Министрликке талапкер Турдубаев парламентте түшүндүрмө берет


Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 23-октябрдагы жыйынына Энергетика министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев келип, өзүнүн айланасындагы талаш жагдайга байланыштуу түшүндүрмө берет. Буга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин анын мурда соттолбогондугу тууралуу парламентке жиберген каты негиз болгон. Спикер Асылбек Жээнбеков жыйынга өкмөт башчы да чакырыларын, маселе түштөн кийин караларын билдирди.

Турдубаевдин талапкерлиги өкмөт тараптан сунушталгандан соң, парламентте анын мурда соттолгондугу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Кубанычбек Турдубаев да бул фактыны моюнга алып, бирок ал чечим жокко чыгарылганын айткан.

Ал арада Турдубаев бүгүн билдирүү таратып, энергетика тармагын көтөрүүгө чын ыкласы менен даяр экенин белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG