Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Кыргыз өкмөтү Ооганстандан эл аралык күчтөрдүн чыгышын колдобойт


Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев БУУ баш катчысынын атайын өкүлү, уюмдун Борбор Азиядагы аймактык борборунун башчысы, элчи Мирослав Енчаны 22-октябрда кабыл алган учурда айтты.

Маматалиев эл аралык коопсуздукка көмөктөшүүчү күчтөрдүн Ооганстандан чыгарылышы Борбор Азия мамлекеттериндеги бир катар этникалык жана жарандык чыр-чатактарга себеп болушу ыктымалдуулугун белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ошондой эле вице-премьер маңзат ташуунун жогорулашы жана диний радикалдашуунун, айрыкча “Ислам мамлекети” кыймылынын бул жактагы аракеттери курчушу мүмкүндүгүн айтты.

Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүүчү күчтөр Ооганстандан 2014-жылдын аягына чейин чыгып кетет. (SE)

XS
SM
MD
LG