Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Ачкачылык акциясы Жумушчулар шаарчасында уланып жатат


Бишкектеги Горький сейил багында 16-октябрдан бери ачкачылык кармап отургандар акцияны Жумушчулар шаарчасындагы үйлөрдүн биринде улантышууда. Анын катышуучусу Өндүрүш Токтонасыров күндүн сууктугунан жана милициянын басымынан улам көчүшкөндүгүн “Азаттыкка” билдирди. Алар азыр Гагарин көчөсүндөгү тааныштарынын биринин үйүндө.

Ачкачылыкты 16-октябрда баштаган үч киши: Мелис Аспеков, Качкын Булатов, Төрөхан Жунусбеков ден соолуктарына байланыштуу токтотушту. Алардын катарына 21-октбярда кошулган төрт кишинин ичинен бир студент жигит да ата-энесинин каршылыгынан улам кетти. Ачкачылыкты коомдук активисттер: Өндүрүш Токтонасыров, Жеңишбек Жумалиев жана Асан Жакшылык улантып жатышат.

Нааразылыкка чыккандар электр энергиясына бааны көтөрбөөнү, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотууну жана аны калыбына келтирүүнү, энергетикадагы Ширшовдун коррупциялык схемаларын толугу менен жоюуну, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартууну талап кылып жатышат.

Азырынча бийлик тараптан аларга жооп боло элек. Бишкек шаардык милициясы абалды көзөмөлдөп турганын, аларга эч кандай басым боло электигин айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG