Ош аймактык колледжинин студенттери менен «Келечек» коомдук фондунун ыктыярчылары калаанын чыгыш дарбазасында мөмө-жемиш, жана өздөрү даярдап келген таттууларды айдоочуларга сатып, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн каражат топтоп жатышат.
Ошто колу жука үй-бүлөлөргө жардам берүүчү борборлорду кошуп эсептегенде төрт балдар үйү бар. Ал жерлерде ондогон жеткинчектер тарбияланат.
Колледж студенттеринин демилгеси менен башталган акция уланып жатат, канча каражат түшкөнү 24-октябрда билинет. (YI)