Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

Депутаттар Турдубаевдин министрликке талапкерлигин колдоду


Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жалпы жыйынында Энергетика министри кызматына Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин 72 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди.

Талапкер өкмөт тараптан сунушталгандан соң, парламентте анын мурда соттолгондугу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Мыктыбек Абдылдаев ал 2004-жылы “Чыгышэлектро” ишканасында иштеп турганда Каракол шаардык сотунун чечими менен ишиндеги кемчиликтери үчүн соттолгонун айтып чыккан. Кубанычбек Турдубаев да бул фактыны моюнга алып, бирок ал чечим жокко чыгарылганын билдирген. Президент бул маселени дыкат карап чыгуу зарылдыгын айткан.

Министрлик кызматка Турдубаевди негизинен “Ата Мекен” фракциясы татыксыз деп эсептеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG