Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Атамбаев Канжар Кадыралиевдин ишин кароону баш прокурорго тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге байланыштуу чырды иликтөөнү баш прокурор Аида Саляновага тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жакында Өзгөндөгү ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын айтып чыккан. Келдибаевдердин жүйөсүндө алар ишкердин бизнесин өткөрүп берип, өздөрүн башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Бирок Кадыралиев айыптоолорду четке кагып, аны атайылап каралоо аракети деп атаган.

Канжар Кадыралиев парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы.

Бул маселе боюнча “Азаттык” радиосу атайын иликтөө жасаган учурда, Өзгөндөгү аксакалдар маселеге олуттуу көңүл бурууну бийликтен суранышкан. Сактан Келдибаевдин апасы Атамбаевден жардам сурап, кайрылган. (SE)

XS
SM
MD
LG