Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Косовонун тышкы иштер министри Сербияга барды


Косовонун тышкы иштер министри Энвер Хожай Сербияда аймактык конференцияга катышат. Хожай бул аймакка Сербиядан бөлүнгөн 2008-жылдан берки биринчи жолу келиши. 23-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүн “эгемен Косовонун символу” катары тааныштырды. “Косово – көз карандысыз өлкө. Эч ким тарых жолун артка кайтара албайт”, - деп билдирди ал.

Косово көз карандысыз өлкө экенин 2008-жылы жарыялаган. Сербия анын эгемендигин тааныбай келет.

Хожайдын сапары Эл аралык олимпиада комитети Косовону өзүнүн мүчөсү катары тааныган учурга туш келди. Сербиянын Олимпиада комитети буга каршы пикирин билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG