Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:59

Ошто бала бакчаларына суюлтулган газ бериле баштады


Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов “Азаттыкка” билдирди. Калаадагы алты бала бакчага суюлтулган газ баллондорун орнотуу иши толук аяктады. Калган бакчаларда газ плиталарын коюу жумушу уланууда. Коопсуздук үчүн баллондор имараттын сыртына орнотулуп, бакча ашканасына атайын түтүктөр менен киргизилген.

Куштарбек Кимсановдун айтымында, бала бакчаларга суюлтулган газдан тышкары, атайын очоктор да курулуп, жашылдандыруу ишканасы тарабынан отун камдалган.

Ош шаарында 11 миӊ бала бала бакчада тарбияланат. Калаада 29 муниципалдык, төрт жеке бакча бар. (YI)

XS
SM
MD
LG