25-октябрда Кыргызстанда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус жылуу болот.
Чукул эскертүү!
27-29-октябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Ош жана Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарынан башка жерлерде жаан жаап, карга айланат. Тоо этектерине кар түшөт. Айрым райондордо катуу жаан болушу мүмкүн.
Абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда -5 градус, пахта талааларында -3 градуска чейин үшүк жүрөт. Тоолуу райондордо түнкүсүн -20 градуска чейин, күндүз -10 градуска чейин суук болот.