Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Азербайжан: укук коргоочу Лейла Юнустун абак мөөнөтү узарды


Азербайжандык укук коргоочу Лейла Юнустун абак мөөнөтүн дагы төрт айга узартуу чечимин бүгүн Насимин районунун соту чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочунун адвокаты Халид Багиров билдирди.

Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Лейла Юнусту оор кылмыштарга айыптап, ушул жылдын июль айында шаар четиндеги үйүнөн кармап кетишкен. Ага чейин апрель айында да Лейла Юнусту күйөөсү Ариф менен кошо Баку аэропортунда камакка алып, өлкө сыртына чыгууга тыюу салышкан. Анда Армениянын пайдасына шпиондук кылды деп камалган журналист Рауф Миркадыровдун ишине байланыштуу суракка алынганы кабарланган. Юнус өзүнүн камалышын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырат жана муну саясий чечим деп эсептейт.

57 жаштагы Лейла Юнус Бакудагы өзү түптөгөн Тынчтык жана демократия институтун жетектейт жана көп жылдардан бери армениялык өнөктөштөрү менен элдик дипломатия аркылуу эки эл арасындагы мамилени жакшыртууга салым кошуп жаткан. Ал өз өлкөсүндөгү адам укуктарынын бузулушун сындап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG