Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Ош мэриясы кышка толук даярдыгын жарыялады


Ош шаарынын вице мэри Кутманалы Абдрахманов калаадагы борбордук жылуулук түтүктөрүнө туташкан 367 көп кабаттуу үйгө кышкысын жылуулук үзгүлтүксүз берилерин билдирди. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, быйылкы кышка карата мурда жылуулук түйүнүнөн ажырап калган 71 көп кабаттуу үй-бүлөлүк жатакана да борбордук жылуулукка кошулган.

Ош жылуулук борбору быйылкы кышка карата 20 миӊ 600 тонна мазут камдаган. Ош жылуулук муниципалдык мекемеси болсо, 5 миӊ 600 тонна көмүр алган.

Шаарда 38 көмүр менен, 20 электр тогу менен, 1 мазут менен иштеген жылуулук мекемелери иштейт. Ош шаарында жалпысынан 640 көп кабаттуу үй бар.

Аба ырайынын температурасы беш күн бою катары менен +5 градустан төмөндөгөн күндөн тарта калаага жылуулук бериле баштайт. (YI)

XS
SM
MD
LG