Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Ошто 137 көп кабаттуу үй жылуулукка туташпай калды


Шаардагы кырктай көп кабаттуу үй жана барак тибиндеги эки кабаттуу сексендей үй борбордук жылуулук тутумуна кошулган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын вице мэри Кутманалы Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында 137 үйдүн борбордук жылуулук тутумуна кошулбай калышы шаар кышка даяр эмес дегенди билдирбейт. Анткени борбордук жылуулук булагына кошулбай калган кабат үйлөргө кышкысын электр энергиясын колдонуу чектелбейт.

Бийлик өкүлүнүн маалымдашынча, жылуулук тутумуна кошулбай калган ал үйлөрдө эски жылуулук системасы такыр жараксыз абалда же такыр эле жок болуп чыккан.

Шаар бийлиги тарабынан быйылкы кышка даярдык катары мурда борбордук жылуулук тутумуна кошулбай калган 71 көп кабаттуу үй жылуулук түтүгүнө мажбурлап коштурулган.

Жалпысынан Ош шаарында 640 көп кабаттуу үй үй бар.(YI)

XS
SM
MD
LG