Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Экзит-полл: Украинда батышчыл партиялар жеңди


Алдын ала сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, Украинадагы Жогорку Радага болгон кечээки шайлоодо Петро Порошенконун блогу алдыңкы орунга чыкты. Ал эми өкмөт башчы Арсений Яценюктун “Элдик фронт” партиясы экинчи орунду ээледи. Кечээ кечке жуук Улуттук теле аркылуу жасаган билдирүүсүндө Украин президенти Петро Порошенко шайлоочуларга “украиналык-европачыл, демократиялык жана реформачыл көпчүлүктү” колдоп бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле сегиз ай мурун Орусия колдоп турган президент Виктор Януковичти элдик нааразылык бийликтен кетиргенден кийинки Украинаны жаңы жолго салууга аракеттенишерин кошумчалады. Ал билдиргендей, коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр бүгүнтөн тартып эле башталат.

Украина БШКсынын маалыматы боюнча, шайлоого шайлоочулардын 51% ашыгыраагы катышты. Добуш берүүнүн алдын ала расмий жыйынтыгы бүгүн, 27-октябрда чыгат деп күтүлүүдө.

Украинада Жогорку Радага кезексиз шайлоо 26-октябрда болду. Ага 29 партия катышты. Март айында Орусия тарабынан аннексияланган Крымда, орусиячыл күчтөр көзөмөл кылган Луганск жана Донецк облустарында 5 млн. чукул шайлоочулар добуш бере алышкан жок. Бул аймактарда айрым гана бекеттерде добуш берилди, жалпысы шайлоо 33 миңден ашуун бекеттерде жүрдү.

XS
SM
MD
LG