Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Дилма Русеф экинчи мөөнөткө Бразилиянын президенти болуп шайланды


203 миллион шайлоочунун 51, 5 проценти солчул Дилма Русефти колдоду. Анын атаандашы оңчул Аэсиу Невис үч процент аз добуш алды. Акыркы отуз жылда Бразилияда президентке атаандаштар ортосундагы айырма мынчалык аз болгон эмес. 66 жаштагы Дилма Русеф катаал шайлоодон кийин бразилиялыктарды ынтымакка жана биримдикке чакырды. Саясый өнөктүк курч өттү. Русеф айым жана анын Жумушчу партиясы жардылыкта жашаган миллиондогон бразилиялыктарга жардамдашчу социалдык программалар кеңейтилет деп сөз берди. Социал-демократ Аэсиу Невис өз программасында өлкөнүн экономикалык жактан эффективдүү өнүгүүсүнө өбөлгө түзчү реформаларды жүргүзүүгө өзгөчө басым жасаган эле. Бразилиянын экономикасы дүйнөдө бешинчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG