Кыргызстандагы Таэквондо WTF ассоциациясынын президенти Алексей Пак коррупциялык түзүм уюштуруп, таэквондону өнүктүрүүгө талаптагыдай аракеттерди көрбөй жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ассоциация мүчөлөрү билдиришти. Алардын айтымында, Пак спорттун бул түрүн өнүктүрүү үчүн келген эл аралык материалдык, каржылык колдоолорду өз кызыкчылыгына жумшап, ал тууралуу ачык айтып чыккандарды куугунтуктоодо. Мындан улам алар бийлик өкүлдөрүн бул маселеге көңүл бурууга чакырып жатышат.
Алексей Пак өз дарегине айтылган дооматтар боюнча пикирин билдире элек.(ECh)