Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Анда бул сыйлык Абдылдаевге кызматтык жана жарандык милдетин аткаруудагы эрдиги үчүн ыйгарылганы көрсөтүлгөн.
«Репортер-Бишкек» гезитинин мурунку серепчиси Сыргак Абдылдаевге 2009-жылы март айында белгисиз адамдар кол салып, бычактап, колу-бутун сындырып кетишкен. Мындан соң Абдылдаев Швециядан баш калка алууга аргасыз болгон. Абдылдаев ал кезде мурдагы Бакиев бийлигинин кемчиликтерин ашкере кылган макалаларды жазып турган.(BkA)