Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Лапароскопия ыкмасы балдар хирургиясында


28-29-октябрда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда “Балдар хирургиясындагы лапароскопия” деген темада орус окумуштуу-хирургдары менен операциялар ишке ашырылууда. Операцияларды Москвадан келген балдар хирургу, профессор Игорь Поддубный жетектөөдө. Иш чараны уюштуруу демилгесин Кыргызстан балдар хирургдарынын ассоциациясы көтөргөн. Анын алкагында “Шашылыш балдар хирургиясындагы лапароскопиялык операциялар”, “Пландалган лапароскопиялык операциялар”, “Бөйрөк, өт, бөйрөк бездерине лапароскопиялык операциялар” деген темада кыргыз адистерине лекциялар окулмакчы. Бул мастер-класстарга Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын, тез жардам кызматынын жана Ош, Жалал-Абад облустарынан балдар хирургдар катышууда.

Лапароскопия – ички органдарды салттуу хирургиядагыдай ачык операциялабай, түтүктөр аркылуу операциялоочу ыкма. (BCh)

XS
SM
MD
LG