Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Бүгүн Улуттук банк 22 млн. доллар интервенциялады


Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн бүгүн валюта базарына 22 миллион доллар чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Мындай жол менен сомдун курсун туруктуу кармоо аракетин көрүлүүдө. Жыл башынан бери Улуттук банк 300 миллион долларга жакын валюта рыногуна доллар киргизди.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда доллардын курсу жогорулаганы байкалууда. Ушул тапта Бишкектеги валюта базарында доллардын баасы 57,30 - 58 сомго чейин чыгууда. Ал эми евронун баасы 73 сомдун тегерегинде болуп жатат. Ал эми орус рубли 1 сом 35 тыйынга чыкты.

Жергиликтүү финансы аналитиктери сомдун наркынын туруксуздугуна эки негизги фактор таасир этип жатканын айтышууда. Биринчиден, өлкөнүн импорттук товарга көз карандылыгынан улам сомдун наркын табийгый негизде камсыздай албаган жагдай орун алган. Экинчиден, өлкөгө кирчү доллар агымы кыскарып, чыгып кеткен валюта кайра кайтпай жаткан көрүнүш күчөгөн. Ошентсе да Улуттук банктын өкүлдөрү дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок деп ишендиришүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG