Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Акыркы британ аскери Ооганстандан чыгып кетти


Британ премьери Дэвид Кэмерон аскеролер менен жолугуп жаткан кез. Гильменд, 3-октябрь, 2014-жыл.
Британ премьери Дэвид Кэмерон аскеролер менен жолугуп жаткан кез. Гильменд, 3-октябрь, 2014-жыл.

Британ коргоо министрлиги билдиргендей, алардын акыркы жоокерлери Гильменд провинциясындагы Бастион лагеринен кечээ тик учак жана транспорт учактары менен чыгып кетти.

Мунун алдында Гильменддеги база ооган күчтөрүнүн карамагына өткөрүлүп берилген эле.

Талибандын таяныч аймактарынын бири катары саналган Гильмендде кезинде 10 миңге чейин британ аскери жайгаштырылган болчу. Он үч жылдык согуш учурунда алар 450дөй жоокерин жоготту.

Британ коргоо министри Майкл Фаллон кечээги сөзүндө британ аскерлери Ооганстандан “башын бийик көтөрүп кеткенин” белгиледи. Бирок айрым талдоочулар Британиянын бул аймактагы миссиясы аягына чыкпай калганын айтышууда.

Эң олуттуу тынчыздануу жараткан маселелердин бири – Гильмендде апийим өндүрүшүнүн күчөгөнү. Бул өз кезегинде Талибанга каржылык булак катары кызмат кылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG