Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Алкановго кол салууга дагы эки кыз шектелүүдө


Таласта бычакталган ишкер Райкан Алкановго кол салууга үч кыз шектелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин 16 жаштагы кыз кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө бул окуяга дагы эки кыздын катыштыгы бар экенин айткан. Учурда аталган жарандарды кармоо иштери жүрүп жана алардын эмне себептен мындай ишке барганы аныкталып жатат.

Райкан Алкановго 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү Таластагы өз үйүндө кол салуу болгон. Ишкер учурда Талас облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Анын абалы оор, бирок туруктуу. Кол салуудан Алкановдун ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Ага операция жасалды. Дарыгерлер ишкердин денесине 18 жолу бычак урулганын билдиришкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG