Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Бүгүн Бишкекте ислам тасмаларынын фестивалы башталат


Бүгүн Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө “Ислам дүйнөсүнүн киносу” аттуу фестивал башталууда. Бул тууралуу өкмөт алдындагы кинематография департаментинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул фестивалга Иран, Индия, Сауд Аравия, Марокко, Тажикстан, Өзбекстандан келген режиссерлордун тасмалары катышат. Фестивалды Сауд Арабия, АКШ, Марокко жана канадалык киночулар биргелешип тарткан “Мекеге саякат” аттуу тасма ачмакчы.

Кинофестивал 30-октябрга чейин уланат. Ал “Бишкек-ислам маданиятынын борбору” иш-чарасынын алкагында уюштурулууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG