Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Ооганстан менен Кытай узак мөөнөттүү өнөктөштүктү убада кылышты


Ооган президентин расмий тосуу учуру. Бээжин, 28-октябрь, 2014-жыл.
Ооган президентин расмий тосуу учуру. Бээжин, 28-октябрь, 2014-жыл.

Мындай убада бүгүн Бээжинде, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө берилди.

Кытай президенти Си Цзинпин расмий сапар менен келген ооган президенти Ашраф Ганини кабыл алып жатып, Бээжин Кабул менен кызматташтыктын “жаңы дооруна” даяр экенин белгиледи.

Президент Ашраф Гани болсо Кытайды “стратегиялык өнөктөш” деп атады.

Кытай - учурда табигый байлыктарынын акчалай наркы кеминде бир триллион деп саналган Ооганстандын башкы инвестору. Эки өлкө ортосунда 76 чакырымдык чек ара тилкеси бар.

Байкоочулар Ооганстандын жаңы президентинин чет элдик алгачкы расмий сапарын Кытайга жасап жатышын, Кабулдун Бээжинге алдыда өлкөнү экономикалык жактан калыбына келтирүүдө эле эмес, тышкы саясатта да башкы өнөктөш катары үмүт артуусунун ишарасы катары сыпаттап жатышат. (UE)

XS
SM
MD
LG