Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Кыргызстанда дин кызматкерлери аттестациядан өтүшөт


Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты. Муфтий Максатбек Токтомушев кечээ муфтияттын жалпы жыйында белгилегени боюнча, аттестациядан айыл өкмөт, район деңгээлиндеги жана жергиликтүү имамдар, ошондой эле муфтияттын кызматкерлери да өтүүгө тийиш. Бул жараян дин кызматкерлеринин диний деңгээлин жогорулатууга багытталган. Сынактан алгач муфтияттын кызматкерлери, андан соң аймак казылары жана казыяттын кызматкерлери өтүшөт, аягында айылдагы имамдар сынак тапшырат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG