Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Оор атлет Митал Шариповду эскерген мелдеш өтөт


Азия чемпиону Митал Шариповдун жаркын элесине арналган оор атлетика боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мелдеш 31-октябрдан 3-ноябрга чейин Талас облусунун Көк-Сай айылында өтөт. Ага 17 жашка чейинки өспүрүмдөр катыша алат. Уюштуруучулар бул мелдешти жыл сайын өткөрүүнү максат кылышууда.

Митал Шарипов 2011-жылы узакка созулган оорудан кийин 39 жашында каза болгон. Ал Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону жана рекорддордун ээси болуп саналат. 1994-жылы Азия чемпиондугунун коло жана 2000-жылы алтын байгесин тагынган. Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Манас” ордени менен сыйланган.(ECh)

XS
SM
MD
LG