Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Пан Ги Мун Донбасста болуучу шайлоону сындады


БУУнун башкы катчысы Чыгыш Украинадагы орусиячыл жикчилдердин Донецк жана Луганск облустардында 2-ноябрга белгилеген шайлоосун сынга алып, бул “Минск протоколу менен меморандумун олуттуу бузуу” деп атады.

Ошондой эле Евробиримдик, АКШ да жикчилдердин шайлоосун сынга алышууда. Евробиримдиктин Москвадагы өкүлү Вигаудас Ушацкас шаршембиде “жикчилдердин шайлоосун Кремль тааныса, дагы жаңы санкцияларга кабылат” деди.

26-октябрда Украинада Жогорку Радага кезексиз шайлоо болгон, ага Орусия аннексиялап алган Крымда, орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Луганск жана Донецк облусунда беш миллиондой адам катыша алган эмес. Орусиячыл күчтөр 2-ноябрь күнү бул аймактарда “Элдик республикалардын” парламенттери шайланарын жарыялашкан болчу.

XS
SM
MD
LG