Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Ош: Сириядагы согушка үндөгөн окуучу аныкталды


Ош шаарындагы мектептердин биринде билим алган бала Сириядагы согушка классташтарын үндөп келгени аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Орусияга өткөн жылы кеткен окуучу "Одноклассники" социалдык түйүнү аркылуу классташтарын Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга үгүттөп келген. Ал согуштун диний мааниси чоң экенин белгилеп, Сириядан тартылган сүрөттөрдү жана радикалдык исламдын чакырыктарын камтыган тасмаларды салып турган. Ошол эле материалдарды башка балдарга таратууну да сураган.

Учурда ошол окуучунун кайсы өлкөдө экени беймаалым бойдон калууда. Ош шаардык милициясы мектеп окуучуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. (YI)

XS
SM
MD
LG