Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Сырттан импорттолчу электрдин баасы ушул аптада аныкталат


Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанчыбек Турдубаев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда 1 миллиард кВт саат электр энергияны Казакстандан жана Түркмөнстандан сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Анын баасы 1-2 күндө аныкталмакчы:

- Эки мамлекет менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Кечээ министрликтин өкүлдөрү Казакстандан келишти. Бүгүн-эртең кайра барышат. Биз ноябрдан тарта кошумча көлөмдөгү электр энергия алып келүүгө аракет кылып жатабыз. Эми муну келишим менен бекемдеп, толугу менен маселени чечишибиз керек.

Быйыл Кыргызстанда энергетикалык каатчылык өкүм сүрүүдө. Бул үчүн коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алуу каралган. Буга чейин Энергетика министрлиги кыштан кыйналбай чыгуу үчүн 2,4 миллиард кВт саат электр энергиясы керектелерин билдирген. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG