Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

БУУ жикчилдер өткөргөнү жаткан шайлоону сынга алды


29-октябрда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун орусиячыл жикчилдер Украинанын чыгыш облустары болгон Донецкте жана Луганскта 2-ноябрда өткөргөнү жаткан шайлоого карата сын пикирин билдирди.

Баш катчынын айтымында, бул шайлоо Украинанын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келет, 5-сентябрда Минскиде жетишилген тынчтык келишимдерин одоно бузуу болуп эсептелинет.

Евробиримдиктин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Вигаудас Ушацкас эгер Орусия бул шайлооу тааныса, анда Москваны жаңы европалык санкциялар күтүп турат деп эскертти.

Шейшемби күнү болсо АКШнын мамкатчысы Жон Керри “Кошмо Штаттары да башка эл аралык коомчулук менен биргеликте “жикчилдер шайлоосун” тааныбайт” деп айткан.

Өздөрүн Донецк жана Луганск эл республикалары деп атап алган Украинанын чыгыш облустарындагы орусиячыл жикчилдер 2-ноябрга өз парламентин жана башчысын тандоо үчүн шайлоо өткөрөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG