Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Орусия Украинага газ берет


Бул тууралуу Евробиримдиктин арачылыгы менен бир нече күн болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин, бейшембиде кабарланды. Сүйлөшүүлөргө Орусия менен Украинанын энергетика министрлери Александр Новак жана Юрий Продан, ошондой эле Евробиримдиктин энергетика комиссары Гюнтер Эттингер катышты. Натыйжада Орусия 2015-жылдын март айына чейин Украинага газ берип турмакчы болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Москва Евробиримдиктен газ акысы үчүн кепилдикке жетишти. Ага ылайык, Украина биримдиктен жана Дүйнөлүк валюта корунан каражат алып, Орусияга карызынан биротоло кутулат. Евробиримдиктин комиссары Гюнтер Эттингер журналисттерге билдиргендей, 1 млрд. 450 млн. доллар Орусияга тез арада төлөнүп берилет, калганын “Нафтогаз” “Газпромго” жыл аягына чейин берип кутулат. Биротоло эсептешүү Стокгольм арбитражынан кийин болмокчу.

Жыл аягына чейин Украина алдын ала төлөө жолу менен Орусиядан газды миң кубметрин 385 доллардан, андан март айынын аягына чейин 365 доллардан алат.

Орусия энергетика министри Александр Новак орус өкмөтү Украинага газды арзан баа менен, миң кубметрин 100 доллардан берүү маселесин карап жатканын билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG