Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

АКШ элчиси кыргыз-орус мамилесинин тереңдешине тынчсызданды


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен расмий Бишкектин Орусия менен өнөктөштүктү кеңейтиши - демократиялык кадамдарды солгундатарын белгиледи. Бул тууралуу Спратлен айым жазган аналитикалык макалада айтылат.

Элчинин баамында, тереңдеп бараткан кыргыз-орус өнөктөштүгү АКШнын Кыргызстандагы демократияга колдоо көрсөтүү багытындагы аракеттерине да кедергисин тийгизүүдө.

Орусия Бишкектин жанындагы Кант аба базасын сактап калган чакта, АКШнын “Манас” эл аралык аба майданындагы Транзиттик борборунун чыгарылышы Бишкек менен Вашингтондун мамилесинин солгундашынын бир көрсөткүчү катары көрсөтүлөт аталган макалада. Ошондой эле кыргыз бийлигинин Бажы биримдигине кирүүгө болгон ыкчам аракети да демократиялык баалуулуктарга сокку урары белгиленет.

Кыргызстан менен Орусиянын өнөктөштүгү 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин тереңдей баштаган. Жарандык активисттер Кыргызстанда Москванын таасири күчөп жатканын сындап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG