Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

АКШнын аба соккусунан “Хаккани” тобунун колбашчысы мерт болду


Бул тууралуу Пакистандын коопсуздук өкүлдөрү кабарлашты. Алардын маалыматына караганда, кечээ Пакистандын уруулар жашаган Түштүк Вазирстан аймагына учкучсуз башкаруудагы америкалык учак урган соккудан кеминде жети согушкер мерт болгон. Алардын арасында Абдулла Хаккани ысымдуу колбашчы да бар.

Бул аба соккудан эки апта мурда Ооганстанда “Хаккани” тобунун эки лидери кармалган эле.

“Хаккани”- “ал-Каида” жана "Талибан" менен байланышы бар радикал уюм. Ооганстан, Пакистан жана НАТО күчтөрүнө каршы бир катар кол салууларды уюштуруп келген.

Пакистандын Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстан аймагы “Хаккани” тобунун таянычы катары саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG